www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайда 1-июлдан тарта күчүнө кирген «Этностук биримдик жана прогресске көмөктөшүү жөнүндө» мыйзамы Шинжаңдан чыккан кайрылмандар арасында кооптонуу жаратты.
Алар бул документ Бээжиндин улуттук азчылыктарга, анын ичинде уйгур, казак жана кыргыздарга карата көзөмөлүн күчөтүшү мүмкүн деп эсептешет. Укук коргоочулар мыйзам маданий жана тилдик интеграция деген негизде кытайлаштыруу саясатын күчөтүшү ыктымал экенин белгилешүүдө.
Эл аралык уюмдар буга чейин Шинжаңдагы мусулмандарга карата адам укуктарынын бузулушу боюнча тынчсызданууларын билдирген. Кытай бийлиги болсо мындай айыптоолорду четке кагып, мыйзам этностордун биримдигин бекемдөөгө багытталганын айтууда.