www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада кичинекей бала ширеңке менен ойноп жатып кокусунан 5 унаа менен кичи автобусту өрттөп салган. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазды.

Окуя Солнцево аймагындагы Богданов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанында болгон. Алгач курулуш таштандылары күйүп, андан соң жалын токтоп турган унааларга өтүп кеткен. Окуяга күбө болгондор унааларды сактап калууга аракет кылышкан, бирок баарын түртүп, коопсуз жайга алып барууга мүмкүн болгон эмес. Тилсиз жоонун кесепетинен 6 унаа өрттөнүп кеткен.

Учурда полиция сары футболка кийген баланы издеп жатат. Күбөлөрдүн айтымында, бала ширеңке менен ойноп жаткан, өрт чыккан учурда качып кеткен. 

Последние новости