www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үшүк жүрөт. 16-мартка карата аба ырайы

17-19-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 0…-2, Талас районунун дыйканчылык аймактарында -1…-3 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт.

Мындай үшүк өрүк бүчүрлөрү жана гүлдөрү үчүн, мөмөлүү дарактардын эрте гүлдөй турган сортторунун бүчүрлөрү үчүн кооптуу.

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 16-мартта түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар күшөт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +7…+12,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +13…+18,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8.

Бишкек шаарында мегил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +8…+10 градус болот.

Последние новости