www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Өзбекстандын президенти Кыргызстанга келгени түйүндүү маселелердин чечилишине жол ачтыбы?
-- Бул суроонун алгачкы жообу катары эң оболо геосаясаясаттагы чоң бир маселеге чекит койду десем жаңылыштык кылбасмын. Анткени, акыркы жылдардагы Орто Азия чөлкөмүндө боло баштаган конфликтер, тагыраагы тажик агрессиясы аркылуу үчүнчү күчтөрдүн биздин суверендүүлүгүбүзгө сырттан көз салуусу аз-аздан болуп олтуруп, олуттуу көйгөйгө айлана баштаган.
Өзбекстандын президенти Шавкат Миромоновичтин биздин өлкөгө расмий иш сапарынын алкагында келүүсү жана бир канча тармактарда алаканын күчөөсүнө себеп болгон маанилүү иш кагаздардын эки тараптуу кабыл алынуусу, ошол эле учурда эгемендүүлүк жылдарынан бери чечилбей жаткан чек ара тилкелериндеги делимитиция маселесине чекит коюлуусу - бул чындыгында зор эмгек. Буга эки мамлекеттин жетекчилеринин саясий эрки чоң роль ойноду. Албетте, бул процесстер эки элдин кызыкчылыгынын алкагында болду. Делимитация маселесиндеги мамлекеттик комиссия жана анын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевичтин эмгегин да өзгөчө баалайбыз. Урматтуу президентибиздин чечимин кынтыксыз ишке ашырганы аркылуу эки мамлекеттин достугуна, мындан ары кызматташуусуна зор салымын кошту.
Сөз башында “геосаясатта чоң бир маселеге чекит коюлду” дегеним, КРнын президентинин алдындагы улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Канатбек Азиздин “Кыргызстан бүт дүйнөгө өзүн келишимге, компромисске келе ала турган, маселени согушсуз, конфликтсиз чече ала турган, сүйлөшө ала турган өлкө катары көргөзө алды” - деген сөзүнөн чыкты. Башкача айтканда, дүйнөлүк глобалдашкан интеграция процесстеринин толук кандуу катышуучусу экенин далилдей алды.
Чек арасында көйгөй болбогон өлкөлөрдүн күнүмдүк жашоосун жана чек аралаш коңшулары менен болгон мамилесин анализ кылчуу болсок, анда кайсы гана тармакты албайлы баарынсында позитивдүү өзгөрүүлөр бар. Бул жөн эле катарда айтылуучу сөз эмес. Анткени акыркы окуялар бизге чек ара бүтүндүгү ошол аймактагы жарандардын бейпил жашоосу экенин көргөздү. Мен дагы бир интервьюмда айткандай “тынчтык бар жерде өнүгүү болот”, башкача айтканда, ички болсун, сырткы болсун инвесторлор бир гана коопсуздук маселесине көңүл бурушат.
Чек ара көйгөйү чечилээр замат - анын натыйжасын ошол замат байкаса болот. Себеби, коңшуларыбыз кийинки документтер катары экономикабыздын чоң бир үлүшүн түзгөн агросектор тармагында жана экспортко ылайыктуу бир канча товарлардын Өзбекстан Республикасына үчүнчү өлкөлөрдүн товарларына импортту алмаштырууга Президенттин аппараты “ак байрагын”, башкача айтканда кызыктарлыгын бизнес форумда баса белгиледи. Натыйжада эки өлкө ортосунда бир канча миллиондук контрактарга дароо кол коюлду. А бул болсо, биринчиден “Бай Дыйкан” агроишканасынын директору Эрлист мырза айткандай дыйкандарыбыздын кошумча киреше табуусуна чоң өбөлгө түзөт. Мен ойлоймун, бул туура байкоо. Анткени агрардык товарлардын өндүрүрүлүүсүндө бизде жеке дыйкандарыздын оорду чоң, мамлекеттин үлүшү бул тармакта дээрлик жокко эсе.
Андан сырт энергосектор, тоо-кен тармактарында жакынкы учурда зор секирик болот деп айта аламын. Бул жолугушуудан ар бирибиз максималдуу туура пайдалуунубуз жана тийиштүү тармактарга тезинен мүмкүнчүлүктөрдү жана шарттарды жаратуубуз керек.
Бул үчүн мамлекеттик органдардын оперативдүү реакциясы талап кылынаары жана жоопкерчиликтүү мамилеси зарылдыгын да айта кетишибиз керек.
Булак: Саясат.kg