www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убагында Кемпир-Абад биздин жерге курулду эле, өзбек тарап өзүнүн милдетин аткарбай туруп, убагы келгенде бизден жерди дагы алып койду. Мындай пикирин саясатчы Айбек Теңизбаев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

- Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга келип кетиши мамлекетибиз үчүн пайдалуу болдубу? 

- Коңшу өлкөлөр менен мамилебиз ар дайым жакшы болушу шарт. Ошол эле учурда мамлекетибиздин кызыкчылыгын биринчи орунга коюшубуз керек. Тилекке каршы өзбек туугандар менен болгон мамиледе, Кемпир-Абад маселесинде уттуруп жибердик. Шавкат Мирзиёев күчтүү башчы экен, кыргызды мактаттырып туруп, өз өлкөсүнүн суу коопсуздугун камсыз кылып койду.

Талашсыз, бир нече документтерге кол коюлду. Убагында коюлган, азыр дагы коюлду. Анын арасында эң маанилүүсү биргеликте гидроэлектростанция куруу келишими болду. 

Эми бул долбоор боюнча дагы көп сындар айтылып, тактай турчу жагдайлары өтө көп. Биргеликте куруп, өзбек тарапташтарды бул долбоорго кошуу аркылуу келечекке дагы чоң бомба салып жатабыз деген ойлор айтылууда. 

Убагында Кемпир-Абад биздин жерге курулду эле, өзбек тарап өзүнүн милдетин аткарбай туруп, убагы келгенде бизден жерди дагы алып койду. Ошол сымал бул долбоор дагы алардан көз каранды болуп калбашы керек. 

Бийлик тарап, ар бир стратегиялык долбоор боюнча ачык маалымат бериши абзел. Сырдуу нерсе, ар дайым ишенбөөчүлүк жаратат.

Жалпы жону менен айтканда түйүндүү маселерди талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк ачылды, бирок ошол маселелер кыргыздын шоруна айланбашы керек.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости