www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө бензин канчага арзандады?

Январь айында Кыргызстанда бензиндин баасы 3-4 сомго арзандады. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Бишкектеги маалымат жыйында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.

«2023-жылдын башынан тартып бензиндин баасы арзандады. Бул сезондук көрүнүш. Орусиядагы заводдор декабрь — январь айларында күйүүчү майдын дүң баасын арзандатты. Бул көрүнүш февраль айына чейин созулат», - деди ал.

Мындан тышкары, өлкөдө күйүүчү майдын жетиштүү запасы бар экени кошумчаланды.

Белгилей кетсек, Кыргызстан жылына 1 млн. тоннадан ашык күйүүчү май керектейт. Өлкө мунайга дээрлик Орусиядан көз каранды.

Булак: NazarNewsa.kg

Последние новости