www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Чжан Минг менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды талкуулаган.

"Эл аралык уюмдун жетекчисине чек арадагы абал боюнча актуалдуу маалыматтар жеткирилди. Ошону менен бирге кыргыз тарап кризисти мурдагыдай эле эки өлкөнүн элинин тынчтыгы үчүн саясий жана дипломатиялык жол менен чечүү боюнча позицияны кармана турганын билдирди. Кыргызстан абалды курчутуп, күч колдонууга каршы", — деп жазылган маалыматта.

ШКУнун башкы катчысы каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга көңүл айткан. Ошондой эле коңшу мамлекеттин ортосундагы түзүлгөн кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырды.

Тажик тараптын аткылоосунан 24 кыргызстандык мерт кетти.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кыргыз тараптан жоготуулар көп экенин айткан.

Эске салсак, эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Самаркандда бул маселе боюнча жолугуп, чек арадагы абалды талкуулашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости