www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин соодасына бирдиктүү валюта киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу Ирандын экономикалык дипломатия боюнча тышкы иштер министри Мехди Сафари билдиргенин ирандык басылмалар жазышты.

Ал белгилегендей, Ислам Республикасы мындай сунушту дээрлик эки ай мурун Шанхай Кызматташтык Уюмуна жолдогон катында билдирген.

Сафари Тегеран бул багытта ырааттуу иш-аракеттерди көрөрүн жана бул сунуштун уюм тарабынан жактырылышына үмүт артарын баса белгиледи.

Анын айтмында, ШКУга мүчө мамлекеттердин бирдиктүү валютаны колдонуусу соода алмашууда такай туш болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет.

Ошондой эле ал учурда Иран уюмга толук кандуу мүчө болуу артыкчылыктарынан пайдаланып, уюмдун башка мүчөлөрү менен алакасын кеңейтүү үчүн керектүү документтерди даярдап жатканын билдирди.

Эске салсак, өткөн жылдын 17-сентябрында Тажикстанда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумунда Иранды уюмга толук кандуу мүчө катары кабыл алуу чечими жактырылып, кабыл алуу процедурасын баштоого старт берилген.

Иран бийлиги өлкөнүн Ислам революциясынан кийинки биринчи аймактык уюм катары Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук кандуу мүчө болушу Тегеранга өзгөчө коопсуздук жана эл аралык кызматташуу жаатында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берерин баса белгилеп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости