www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусун Нур-Султанда өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Казакстандын ШКУ маселелери боюнча координатору Али Ерлик билдиргенин «Казинформ» агенттиги жазды.
Ал, бүгүн, 15-июнда ШКУнун түзүлгөнүнө 20 жыл болуп жатканын айтып, Казакстан ШКУнун маанилүү органдарынын бири – Өкмөт башчылар кеңешин түзүүнүн демилгечиси экенин белгилеп өткөн.
«Уюмдун мааракелүү жылында ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кезектеги жолугушуусу 2021-жылдын ноябрь айында Нур-Султанда өткөрүү пландалып жатканы жышаналуу иш», — деген ал.
Белгилей кетсек, ШКУга Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусия, Пакистан жана Индия мүчөлүк кылат. Ооганстан, Беларусь, Иран, Монголиянын байкоочу мамлекет, Армения, Азербайжан, Шри-Ланка, Камбоджа, Түркия жана Непалдын диалог боюнча өнөктөш макамы бар.
Булак: NazarNews.kg