www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу жана Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Лариджани телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүштү. Бул тууралуу РБКга Коопсуздук кеңешинин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Шойгу республикада болуп жаткан нааразылык акцияларынын айынан көп сандаган адамдардын курман болгонуна байланыштуу көңүл айтты жана «тышкы күчтөрдүн Ирандын ички иштерине кийлигишүү аракеттерин» кескин айыптады. Ошондой эле ал 2025-жылдын 17-январында кол коюлган Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө келишимдин негизинде эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Тараптар коопсуздукту камсыз кылуу максатында байланыштарды улантууга жана позицияларды координациялоого макулдашышты.

Последние новости