www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын аймагына курал жана Куралдуу күчтөрүнө материалдык жабдыктарды ташып кирген НАТОнун бардык транспорттору жок кылынарын Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу селектордук жыйында билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«АКШ жана анын НАТО боюнча союздаштары Украинаны курал-жаракка шыкап жатышат. Белгилей кетейин, Украинага курал-жарак жана Куралдуу күчтөрдүн керектөөсүн камсыздоочу шаймандарды ташып кирген Түндүкатлантикалык альянстын бардык транспорттору мыйзамдуу түрдө жок кылынат», — деди коргоо министри.

Анын айтымында, атайын операциянын жүрүшүндө россиялык аскер кызматкерлер кайраттуулугун жана эрктүүлүгүн көрсөтүп, жоокердик милдеттерин абийир менен аткарып, Донбасстын калкынын коопсуздугун камсыз кылууда. Ал РФтин Куралдуу күчтөрү Жогорку башкы командачы койгон бардык милдеттерди аткарууну уланта берерин кошумчалады.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости