www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда “Коомдук анализ” ачык коомунун жетекчиси, укук коргоочу Рита Карасартова айтып чыкты. Ал коррупцияга такыр эле чөгүп кеткен медицинадагы кечирилгис, өтө уятсыздык алдамчылык боюнча чындык таппай жүргөн келиндин катын жарыялап, ага кандай жардам берүү керектиги тууралуу коомчулукка кайрылуу жолдоду.
Төмөндө чындык таппай чыркыраган ал келиндин укук коргоочуга жазган катын толугу менен беребиз:
-Эже, сиздин жардамыңызга муктажмын. Эмне кылышым керек, кайсы жактан жардам алсам болот? Мен ...., Чүй-Токмок шаарынын төрөтканасынан эгиз уул төрөгөм. Бир жарым суткадан кийин бирөөсүн “температура болуп жатат” деп алып кетишип, бир сааттан кийин “чарчап калды” деп коюшту. Эмне болуп чарчаганын сурасак, түшүндүрүп бере алышпаган. “Андай болсо баланы көрөлү” десек, “моргдо” деп көрсөтпөй коюшкан. Милиция чакырып дагы баланы ала албай койдук. Ошону менен мен баланы көрбөй калдым, эртеси жолдошума бериптир баланын сөөгүн. “Моргдо” деп мени алдап коюшкан экен, төрөткананын ичинен эле алып чыгып беришиптир.
Эмне болуп чарчаганын билели деп экспертизага бергенбиз. Жыйынтыгын эки ай чуркап жүрүп араң чыгарттык. Андагы медициналык бүтүмдө “ичтен өлүк төрөлгөн бала” болуп чыкты, кантип ушундай болсун?! Менин балам тирүү төрөлүп, эмчек ээмп жанымда жаткан да. Анан да бизге чарчап калды деп берген бала менен менин тирүү эле төрөлгөн баламдын бою, салмагы, башынын диаметрдин өлчөмү, төшүнүн айланма өлчөмү, айтор, баары тең дал келген жок. Мына ошонун баарын көрүп-билип туруп, биздин милициялар эч чара көрбөй жатышат.
Барбаган, кайрылбаган жерибиз калбады. Врачтар болсо биздин бала кылып “жасатып” жатышат. Ошондо менин баламды аборт кылынган балага алмаштырып салышыптыр. Эч жерден чындык таппай жатам. Сегиз ай болду чуркап жүргөнүбүзгө, эч бир жыйынтык чыкпай койду. Сиз жардам бере аласызбы?
Бизде - Кыргызстанда эч кандай мыйзам иштебейт экен, коррупцияга малынбай эле чөгүп кетиптирбиз. Карапайым элдин үнүн эч ким укпайт. Бул врачтар менин эле балам эмес, көп балдарды милициялар менен биргеликте сатышат экен. Биздин ишти такыр жылдыртпай жатышат. Мен жүрөгүм менен сезип жатам, балам тирүү, бирөөнүн колунда чоңоюп жатат. Эже, сизден жооп күтөм...
Булак: NazarNews.kg