www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Киевдин россиялык газдын импорттолушуна тыюу салууну тезирээк аткарыш керек деген каалоосу жөнү жок нерсе жана көп мамлекеттерге кесепетин тийгизиши мүмкүн. Бул туурасында Германия канцлери Олаф Шольцтун пикирин РИА Новости Spiegel журналына берген маегинен алып жазды.

Анын айтымында, мындай чара Украинадагы чатакты токтотпойт. Ал Берлин россиялык газды алуусун улантуу менен Москванын атайын операциясына "демөөрчүлүк кылып" жатат деген пикирди сындады.

"Биз заводдор менен фабрикалардагы эми эч качан ачылбай турган миллиондогон жумуш орундарын жоготкон экономикалык драмалуу кризиске кабылууну каалабайбыз. Мунун биздин өлкө, ал тургай Европа үчүн да кесепети оңбогондой болот. Андан сырткары, Украинанын калыбына келиши үчүн финансылоо иштерине да өзүнүн олуттуу таасирин тийгизет. Эмне үчүн бул сөздөрдү айтууга милдеттүүмүн, себеби мындай нерсеге жол бере албайбыз", — деген Шольц.

Буга чейин Франциянын министрлер кабинетинин расмий өкүлү Габриэль Атталь Европа биримдигине берилип жаткан россиялык газ менен нефтисине эмбарго коюлушу мүмкүндүгү туурасындагы сөздүн башын кылтыйткан эле. Анын пикиринде, Брюссель санкциялардын жетер жерине жеткирген деңгээлге чейин салууга даяр.

Анткен менен Европа санкциялардан кийин азык-түлүк инфляциясына алып келген баалардын, күйүүчү майдын көтөрүлүшүнө кабылды. Кымбаттоо ал жактагы элдин нааразылыгын жаратты. Европа аймагындагы 19 мамлекетте жылдык инфляция марттын эсеби менен алганда 7,4 пайызга чыгып кеткен.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости