www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын канцлери Олаф Шольц ARD телеканалынын эфиринде Орусияга каршы санкцияларды жеңилдетүү шарты тууралуу айтты. Анын сөздөрүн ТАСС басылмасы жазды.
Саясатчы Батыштын мындан аркы санкциялык режими Орусия менен Украинанын ортосундагы келишимдерге жараша болорун белгиледи. Ошол эле учурда «массалык чектөөлөр» эки өлкөнүн ортосунда мындай макулдашууга жетишилгенде гана токтошу мүмкүн, муну Киев өзү туура деп эсептейт, деп баса белгиледи Шольц.
Ошондой эле, Германиянын канцлери бул «таңууланган тынчтык» болбошу керектигин тактады.
Белгилей кетсек, буга чейин Евробиримдиктин элчилери орусиялык мунайга эмбарго боюнча дагы бир пикирге келе албаганы белгилүү болгон. Кийинки жолугушуу кечээ, 30-майда болду.
Венгрия Орусияга каршы санкциялардын алтынчы пакетинин киргизилишине каршы чыкты, анын ичинде өзгөчө орус мунайынын импортуна тыюу салуу камтылган. Өлкө өкмөтү мунайдан баш тартууну анын экономикасына өзөктүк бомба таштоо менен салыштырат.
Булак: NazarNews.kg