www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Президенттик аппараттын мурунку орун басары Икрамжан Илмияновдун иши боюнча сот отуруму жыйынтыкталып, анда чыккан өкүмгө ылайык, үй-мүлкү конфискациялануу менен өзү 7 жылга эркинен ажыратылды. Мындан башка 160 миң сом айып пул салынды.
Ага катар Илмияновдун туугандарынын Баткен областында жана Бишкек шаарындагы өзүнө, туугандарына катталган бир катар кыймылсыз мүлктөрү камакка алынды.
Төмөндө сот залында судья окуп берген Илмияновго жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү конфискациялана турган мүлктөрдүн тизмесин беребиз:
Саттар Илмияновго (атасы) катталган мүлктөр:
- Баткендеги Лейлек районунун Катыраң айылындагы үй;
- Баткендеги Лейлек районунун Кызыл-Дөң айылындагы жер тилке;
- Баткендеги Лейлек районунун Катыраң айылындагы айдоо жер;
- Баткендеги Лейлек районунун Катыраң айылындагы кайрак жер тилке;
- Баткендеги Лейлек районунун Катыраң айылындагы көп жылдык дарактар;
- Баткендеги Лейлек районунун Катраң айылындагы жер тилке (№8 үй).
Илмиянова Урулха Илешовнага катталган (апасы):
- Баткендеги Лейлек районунун Катыраң айылындагы көп жылдык дарактар.
Илмиянова Айсулуу Саттаровнага катталган (карындашы, 1977-жылы туулган):
- Баткендеги Лейлек районунун Катыраң айылындагы көп жылдык өсүмдүктөр;
Илмиянов Искендер Саттаровичке катталган (иниси, 1986-жылы туулган):
- Баткендеги Исфана шаарындагы үй.
Илмиянов Раимжан Саттаровичке катталган (иниси):
- Баткендеги Лейлек районунун Катыраң айылындагы жер тилке;
Айбарчын Илмияновага (1983-жылы туулган карындашы) катталган:
- Сокулук районундагы ири көлөмдөгү үч сугат айдоо аянты.
Зулкайнар Илмияновго (1988-жылы туулган иниси) катталгандар:
- Сокулуктагы сугат жери;
- “Ак-Өргө” конушундагы жер тилкеси.
Анаргүл Шамурзаевага катталгандар:
- Чүй, 245/1 дарегиндеги батир;
- Чүй, 245/1 дарегиндеги автоунаа токтотуучу жай.
Абдыкапар Шамурзаевге катталгандар:
- Сокулуктун Студенттер айылындагы жер тилке;
- Сокулук районундагы жер тилке.
Абдыманап Бекматовго катталган:
- Сокулуктун Студенттер айылындагы жер тилке.
Эми, Икрамжан Илмияновдун жеке өзүнө катталган мүлктөрү:
- Бишкектеги “Алтын-Ордо” конушунун Таш-Рабат көчөсүндөгү жер тилке;
- Баткендеги Лейлек районунун Катыраң айылындагы көп жылдык дарактар;
- 2007-жылы чыгарылган «Лексус LX 470» автоунаасы;
- Сокулук районунун Студенттер айылындагы «Азияагро экспорт» ЖЧКсы;
- Бишкектеги «Аброр» чайканасы;
- Шопоков шаарындагы жер тилке;
- Шопоков шаарындагы картон завод.
Булак: NazarNews.kg