www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Белгисиз куштун үнү

Мен армияда кызмат өтөп келгенден бери дээрлик элүү жылдан ашып калды. Ал мезгил союз күч алып турган мезгил болчу. Америка Кошмо Штаты менен биздин өлкө курал-жарак, согуш техникаларын чыгаруу боюнча куушуп, эрегишип жашап жатышкан. Орусча айтканда "гонка вооружения" деп коюшчу. Мен ошондой мезгилде армияда кызмат өтөп калдым. Ооба, ал убакта укмуштуудай жаңы согуш техникалары чыгып, армияда кызмат өтөгөн жоокерлерге дагы талап катуу болчу. Жаңы чыккан согуш техникаларын катуу кайтарчубуз. Күзөттө турганда күнү-түнү биздин акыбалыбызды билгени текшерип келип турушчу. Албетте, ал кезде эки өлкө ортосунда тирешүү катуу болгондуктан, биз кайтарган объектилерге чет өлкөнүн диверсанттары же жөнөкөй тил менен айтканда, чалгынчылары уурданып кирип кетиши мүмкүн эле.

Күзөткө чыгаарда командирлер катуу инструктаж жасап, кайра-кайра эскертип туруучу. Күзөт эрежесин бузгандар болсо катуу жазаланчу. Ал жакта тартип өтө катуу, бирөөлөр менен сүйлөшкөнгө, тамеки чеккенге, уктаганга, отурганга, ажаатканага барганга, күзөттү бир-эки мүнөт дагы таштаганга болбойт. Дегеле ал жакка бир дагы адамды жакын жолотпошуң керек, өзүңө алмашканы келаткан жоокерлердин паролу бар, ошол боюнча аларды жакын жолотосуң, эгерде аны айта албаса, өзүңдүн адамдарыңды дагы жакын жолотууга акың жок. "Токто!" дегенге моюн сунбаса асманга бир-эки жолу атып эскертип, ага да моюн сунбаса, аны атып салууга акың бар. Эгер атпасаң өзүң керт башың менен жооп бересиң. Тартип, талап ушундай катуу.

Мен жаңы барганда Ыраакы Чыгышта күн аябай катуу суук болуп минус элүү градустан да суук болуп кетти. Орто Азиядан баргандар ага көнө албай бир топко кыйналып жүрдүк. Акыры баарына моюн сунууга, көнүүгө, чыдоого туура келди.

Ошентип кыш да бүтүп, биз күттүргөн жаз да келди. Андан соң жай. Биздин милдетибиз баягы эле күзөтчүлүк кызмат. Жай мезгилинде чымын-чиркейлер көп, Ыраакы Чыгышта бүт эле чытырман токой, ошол токой арасынын ар кайсы жерлеринде айылдар, анан бири-бирине байланыштырган асфальт жолдор бар. Бир жылдай кызмат өтөп биз өзүбүз да көнүп калганбыз.

Жай мезгилинде күзөттө турган жакшы, кыйынчылыктар анча билинбейт. Түнкү саат үч болчу, объектини кайтарып жай кыдырып басып келаткам. Ошондо кандайдыр бир куштун өзгөчө сайраган үнүнө көңүлүм бөлүндү. Ушунчалык жагымдуу, кооз сайрап жатат. Токтой калып аярлай бир аз тыңшап көрдүм. Куштун сайраган жагымдуу үнү жакын эле жерден чыгып жаткансыйт. Бул чыккан добуш кайсыл куштуку экенин так биле албай койдум. Анткени ушул убакка чейин мындай кооз чыккан добушту уккан эмесмин. Ал сайрайт, сайрайт да токтоп калат, кээде узакка сайрайт. Муну мен комуздун күүсүнүн добушуна да окшоштуруп койдум. Аны кунт коюп угуп туруп дал эле ошондой кылып тууроого аракет жасадым. Менин добушум ага жетти окшойт, бир азга дымып калды, анан кайрадан сайрап баштады. Мен анын сайраганын тыңшап отуруп кайра-кайра кайталап отуруп, кадимкидей үйрөнүп алдым сайраганды. Ошоңдон кийин экөөбүз үн алышчу болдук, мен эки жолу сайрасам, ал эки жолу сайрайт, бир жолу сайрасам бир жолу кайталап берет. Узакка созсоң узакка созот, кыска созсоң дал ошондой кайталайт. Бир жолу атайын текшермекке жыйырма жолу бат-бат кайталап сайрадым, ал дагы дал эле ошондой кылып жыйырма жолу бат-бат кайталап мени туурап жатпайбы. Кыска үн чыгарсам, ал дагы кыска үн чыгарат, узакка созсом, ал дагы узакка созуп туруп алат.

Ошентип ар бир күзөттө турган сайын түнкү үчтө экөөбүз үн алышып сайрашабыз. Анын сайраганын мен дагы тап-так кайталап үйрөнүп алдым. Ошентип жүрүп аскердик кызматымды да өтөп бүтүп езүмдүн туулган жериме кайтып келдим. Анан күнүмдүк көр тирилик менен алышып жатып алиги белгисиз куштун сайраганын эсимден чыгарып да жибердим. Кийин жогорку окуу жайын бүтүрүп, жакшы кызматтарда иштедим. Анан пенсияга чыктым. Жумуш иштеп көнүп калган жаным үйдө бош отургандан тажап, бир объектиге күзөтчү болуп орношуп алдым. Анан күтүлбөген жерден эле түн бир оокумда кандайдыр бир куштун сайраган үнү кулагыма шак дей түштү. Өтө тааныш үн, саатты карасам үч болуптур. Ошондо тээ илгерки мындан дээрлик элүү жыл мурунку армиядагы кез көзүмө элестеп кетти. Бир аздан кийин алиги тааныш сайраган куштун үнү кайрадан кулагыма жаңырды. Мен дагы анын сайраганын кайталадым эле, ал дагы дал эле мендей кылып жооп берди. Ал кышында жоголуп кетет да, жайында кайра пайда болот. Түнкү саат үчтөн баштап таң куланөөк тарта баштаганча экөөбүз үн алышып убакытты өткөрөбүз. Бул эмне болгон добуш, эмне болгон куш экенин мына азыркыга чейин биле албай койдум, тобо.     

С.Токтоналиев, Бишкек шаары

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости