www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учак аэропортко конуп жаткан учуру... Кол кармашкан жүргүнчүлөр болгон үндөрү менен кыйкырып, Кудайга сыйынышууда... Анткени, аларга учактын бузулганы айтылган.
Айтмакчы, мында бир эркек жүргүнчү башкалардан айырмаланып, коркунучун ичимдик менен басып, анысын жанындагыларга сунуштады. Колдогондор бар.
Бул тууралуу айтылган маалыматтарга караганда, “Каракас – Майами” багытындагы рейсте учуп чыккан “Боинг” учагынын бир кыймылдаткычы учкандан жарым саат өтпөй иштен чыккан. Анткен менен кыймылдаткычы бузулгандан 20 минут өтпөй, учак Санто-Доминго шаарынын “Лас-Америкас” аэропортуна ийгиликтүү конгону айтылат.
Ошондо учактын жерге конушуна кимиси салым кошту? Сыйынгандардын үнү Кудайга жеттиби же тескерисинче тиги атеисттердикиби? Кандай болгон күнү да тажрыйбалуу учкучтар жүргүнчүлөрдү аман-эсен жерге алып келди.
Булак: NazarNews.kg