www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Заманың бөрү болсо - бөрү бол, түлкү болсо - түлкү бол” дегендей бул замандын адамдарынан адамдык касиет деле кетти. Дегенибиз Бишкек шаарында эми шылуундар кичинекей балдардан акча уурдай башташты. Бул тууралуу Vesti.kg сайты жазып, видеосун дагы жүктөгөн. Анда шаар тургуну аталган редакцияга кайрылып, төмөндөгүдөй окуяны баяндап берген.

Биз «Дордой Плаза» соода борбору жакта жашайбыз, – деди окурман. – 28-октябрда дарыканадан дары алып келе турган курьерди күтүп жатканбыз. Белгисиз бирөө эшикти черткен, чоңдор бош эмес болгондуктан биздин кызыбыз эшикти ачып, курьер экен деп 1500 сомду берип койгон. Тигил дарыны алып келе калам деп, кетип калган.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, көз боемочу үйдүн кабаттарын кыдырып, ар бир батирдин эшигин тыкылдатып, жумуш сураган.

– Бул адамды тааныгандардан сураныч, акчаны кайтарып берүүсүн айтып коюңуздар. Баланын дарысына деген акча болчу. Болбосо биз милицияга кайрылабыз, -дейт жабырлануучу.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости