www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шотландия Улуу Британиядан чыгып, Англиядан бөлүнөбү?

Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен королевствосу Англиядан, Шотландиядан, Түндүк Ирландия жана көптөгөн майда-чүйдө аралдардан турат. Эгер Шотландия  Улуу Британиядан чыгып кетсе, анда Англия жана Түндүк Ирландия Бириккен королевтсвосу гана калабы? Анан Түндүк Ирландия чыгып кетсе Англия эле кала тургандай. Шотландиянын биринчи министри Никола Стёрджен Эдинбургда өткөн басма сөз жыйынында өлкөнүн 312 жыл курамында  болуп келген Улуу Британиядан көз карандысыздык жарыялоо референдумуна даярдык башталганын жар салды. Бул бүгүнкү бузулгус Улуу Британиянын кадыр-аркынын кетишине чоң түр ткү болот. Мурун болуп өткөн референдумда шайлоочулар “Шотландия көз карандысыз мамлекет болушу керекпи?” деген бир гана суроого “ооба” же “жок” деп жооп бериши керек. Буга чейин жүргүзүлгөн сурамжылоого караганда, шотландиялыктардын 52 пайызы Британиянын курамында калууну каалай турганын айтышкан. Калган бөлүгү эгемен болууну колдошкон. Эгер шайлоочулардын басымдуу бөлүгү “ооба” деп жооп берсе Шотландия 2016-жылдын мартынан баштап 307 жыл курамында жүргөн Британиядан бөлүнөт.

Айрым шотланд эксперттери эгемендикти колдобой турганын, референдумда улутчулдар жеңсе, өлкөнүн экономикалык, каржылык абалынын келечеги белгисиз болорун эскертишүүдө. Эгер Шотландия көз карандысыздыгын жарыяласа, Испаниядагы каталондор менен басктар, түркиялык күрттөр, Кытайдын курамындагы тайвандыктар, Франциядагы тироль жана корсикалыктар, Германиядагы бавариялыктар да ушул кадамга барышы мүмкүн деген божомолдор бар.

Шотланд өкмөтүнүн расмий сайтында жакында “Кубаттуу, бактылуу, адилетүү: Эмне үчүн Шотландия эмес?” деген аталышта документ жарыяланды. Анда мамлекеттин өз алдынча түзүлүшү тууралуу план каралган. Документтин баш сөзүндө Стёрджен “коронавирустан, Брекзиттен жана Борис Жонсондон кийинки, азыркы маал жаңы Шотландияны курууга” эң ыңгайлуу болуп жатканын айтты.

Жаңыдан бүткүл элдик добуш берүүнү өткөрүүгө британ өкмөтүнүн макулдугу керек. Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон өз билдирүүсүндө, азыр референдум жөнүндө сөз кылуу орунсуз экенин маалымдады. Мурдараак ал “Шотландиянын бөлүнүүсүнө жол бербөөгө” убада кылган жана ал маселе 2014-жылы чечилгенин айткан.

Сегиз жыл мурда да Шотландиянын көз карандысыздыгы үчүн референдум өтүп, анда калктын 55%ы каршы добуш берген. Бул референдум Улуу Британия Европа Биримдигинен чыга элек учурда өткөн. Шотланд улутчулдары ушул пикирге таянуу менен Брекзиттен кийинки көз карандысыздык тууралуу референдумдун жыйынтыгы таптакыр башкача болорун билдиришүүдө.

Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыккан процесси Брекзит деп аталат. Өлкө ал процессти дээрлик төрт-беш жыл ишке ашырып, аталган уюмдан 2020-жылы толук чыгып кетти. Шотландиянын көз карандысыздыгы тууралуу баштапкы коомдук сурамжылоолор аны колдогондор менен каршылардын пикири бирдей экенин көрсөтүүдө. The Scotsman гезити кабарлагандай, жаңы референдум өткөрүүнү сурамжылоого катышкандардын үчтөн бир бөлүгү гана колдогон. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости