www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүү мурдагыдай болбойт, Москванын мамилеси катаалдашат. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков РИА Новости агенттигине курган маегинде айтты.

Ал АКШ дипломатиялык мамилелерди үзүп сала тургудай көп одоно кадам жасаганын, бирок кандай болгон күндө да бул өлкө менен алака түзүүгө туура келерин белгилеген.

"Ооба, эми башкача сүйлөшөбүз, мурдагыдай диалог болбойт. Позициябыз катаалдашат. Дагы бир ирет кайталайын, АКШ жоголуп кетпейт, кандай болгон күндө да аны менен мамиле түзүүгө, сүйлөшүүгө туура келет", — деди Песков.

Муну менен бирге ал АКШ Орусия  менен аскерий жактан да, экономикалык багытта да согушуунун келечеги жок экенин, ал эми "санкциялар менен муунтуу" саясаты суу кечпей турганын түшүнүшү керектигин белгиледи.

Эске салсак, буга чейин Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов АКШ Орусия менен диалогго азырынча даяр эместигин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости