www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын климатын сактап калуу боюнча дүйнөлүк деңгээлде чара көрүү бүгүнкү күндүн негизги муктаждыгы. Бул тууралуу Абдымамбет Сариев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

"Жер бетиндеги жашоо климаттык дагы өзгөчөлүктөргө ээ болуп жаратылган. Жазы жайы күзү кышы бирдей жүргөн жердин чордонунда кыргызстанда климат бузулса жер бетиндеги бардык материктерде табихый баланс бузулуп, батыш өлкөлөрүндөгү жерлерде суу таңсыктыгы күчөп жашоонун шарты оор ахыбалга келет.

Бул табихый процесс эскертүү түрүндө башталып, мөңгүнү сактап калууга боло турган ыңгайда болтурулат. Эгерде табихаттын бул эскертүүсүн жер адамдары мааниге албай мөңгүнү талкалоосун уланта беришсе казып алган алтындарынын урматын көрүү бактысынан куру калышып, суу алдында калышат.

Ала Тоо, Алтай, Алай, Памир, Теңир-Тоо аймактары бийик жайгашкандыктан суу алдына калбай кала берип, дүйнөнүн көп өлкөлөрү суу алдына калуу коркунучу жакындоодо.

Бул алааматка индия, кытай жана көптөгөн чыгыш өлкөлөрү дагы кабылышып, жашаган аймактары менен кошо суу алдына жутулуп калуу коркунучу жакындоодо.

Ошондуктан кыргызстандын климатын сактап калуу боюнча дүйнөлүк деңгээлде чара көрүү бүгүнкү күндүн негизги муктаждыгы болуп, бул боюнча дүйнө жүзүнөн атайын демилгелүү топ түзүлүп, кен иштеткен мамлекетке чоң салык салуу аба суудай керек жана зарыл.

Алар адамдык аң-сезимди акчанын чен өлчөмү менен баалап калгандыктан акча аркылуу кысуу гана оң натыйжасын берет. Башкача жолдор алардын аң-сезимине туура келбегендиктен өлүп калуу коркунучу аларды чоочута албагандыктан акчалай салык салуу гана аларды эсине келтирет", - деди Сариев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости