www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн АКШ стратегиялык туруктуулук боюнча диалогду баштоого даяр эмес экенин көрсөтүп жатат. Бирок Москва америкалык тарап "жетилгенге" чейин күтүүгө даяр. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов билдирди.

"Бүгүн биздин америкалык кесиптештер стратегиялык туруктуулук боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр эмес экенин көрүп турабыз. Бул тууралуу алардын өкүлдөрү бир нече жолу билдиришкен. Ошондуктан биз алардын толук "жетилишин" күтүп жатабыз", — деди элчи.

Ошондой эле ал мындай диалогго Орусиянын эч каршылыгы жок экенин билдирди.

"Анткен менен мен бүгүнкү күндө мамилелерди жакшыртуу үчүн АКШ тараптан каалоону көрбөй турам. Айтайын дегеним, биз сунуштаган маселелер америкалыктарга керек болбосо, биз алардын артынан чуркабайбыз", — деди ал.

Мындан тышкары, Антонов Орусия менен АКШнын ортосундагы позитивдүү мамилелер эки тарапка тең пайдалуу экенин кошумчалады. Анткени АКШ дүйнөдө болуп жаткан көйгөйлөрдү жалгыз чече албайт.

"Орусия менен АКШнын ортосундагы жакшы мамиле бизге да, аларга да пайдалуу деп эсептейм. Америка канчалык күчтүү болбосун, жалгыз эч качан террорчулукка каршы күрөштө жеңишке жете албайт. Алар бизсиз климат көйгөйүн, стратегиялык туруктуулук маселелерин дагы жөнгө сала албайт", — деди дипломат.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости