www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-июнда чет өлкөгө мыйзамсыз чыгарылган каражатты кайтаруу боюнча мекемелер аралык комиссиянын биринчи отурумун өткөрдү. Бул тууралуу жума күнү Казакстандын президенттик администрациясы кабарлады.

Токаев аны өзү алып барып, комиссиянын максаты сотко өткөрүлгөн иштер эмес, экономиканы кайрадан жандантуу экенин айтты.

“Биздин алдыбызга ачык максаттар коюлду. Алар мыйзамсыз чыгарылган активдерди кайтаруу жана адилеттүүлүктү орнотуу. Азыр баарынан маанилүүсү – ишти туура уюштуруу. Менимче, комиссиянын мүчөлөрү бул миссияны жан дили менен аткарып берет болуш керек. Президенттин администрациясы бул маселени өз көзөмөлүнө алып турат”,-деп келтирет Токаевдин сөзүн Акорда сайты.

Касым-Жомарт Токаев тиешелүү комиссияны түзгөнү тууралуу маалыматты бийлик 5-июнда Казакстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп жаткан кезде тараткан. Акордо түшүндүргөндөй, башкы прокурор жетекчилик кыла турган комиссия казак жарандары чет өлкөгө чыгарып кеткен акчаны кайтарып келүү боюнча "комплекстүү жумуштарды" жүргүзөт.

Токаев өкмөттүн февраль айындагы жыйынында да чет жакка чыгарылып кеткен каражаттар тууралуу сөз кылганы менен ким канча акчаны өлкөдөн алып чыкканын тактаган эмес. Андан бир нече күн мурда казак парламентине "Ак жол" партиясынан шайланган депутат Максат Раманкулов Tax justice network уюмуна шилтеме кылып, соңку 25 жыл ичинде Казакстандан 140-160 миллиард доллар офшорго чыгарылып кеткенин айткан. Айрым серепчилер бул каражаттын көлөмү мындан алда канча көп экенин белгилейт.

5-июнда өткөн референдумда добуш берүүгө келгендердин 77,18 пайызы президент Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган өзгөртүүлөрдү колдогон. Ага ылайык, 7-июнда жаңы Конституция күчүнө кирди. Баш мыйзамга, баш-аягы 56 өзгөртүү киргизилди. Анын ичинде Конституциядан биринчи президент Нурсултан Назарбаев тууралуу бардык сөздөр жана анын "Елбасы" деген макамы да алынды.

2019-жылы Назарбаевден бийликти өткөрүп алган Касым-Жомарт Токаев эми өлкө "супер-президенттик башкаруу системасынан парламенти күчтүү президенттик республикага өтүп жатканын" билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости