www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сууга чөгүп каза болгон окуучунун апасы Асель Акылбек кызы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун окуучунун өлүмү боюнча берген комментарийине Инстаграм баракчасы аркылуу жооп берди.

"Урматтуу Эдил Байсалов, сизге сөз жок. Кайсы бетиңиз менен уулумдун өлүгүн башка кыздын оорусу менен салыштырып жатасыз? Мен оорукчан эмес, дени сак уулумду мектеп менен жөнөткөм. Менин баламдын өлүмүн соттук медициналык экспертиза "Чөгүп кеткен" деп чыгарып берди.

Кандай адамдык сапаты төмөн адамсыз? Мени ооруп каза тапкан кыздын энеси менен салыштырбаңыз. Сиздин балдарды кудай сактасын, мендей чыркырап кала көрбөңүз", - деп жазган апасы.

Буга чейин Эдил Байсалов аквапаркта болгон окуя боюнча пикирин билдирип, мугалимдердин да укугу корголушу керектигин айткан.

"Мындай кырсыктар болуп турат. Бир жыл мурун 11 жаштагы окуучу кыз менен ушундай сыяктуу окуя болгон. Мектепте жүргөндө жүрөгү кармап калган. Анын тубаса жүрөгү ооручу экен. Кыздын апасы баарына мектеп директорун күнөөлөп, акыры аны жумуштан кетирген. Мамлекеттик кызматкерлердин, мугалимдердин дагы укуктарын карайлы. Аларга кошумча чоң милдеттерди жүктөбөйлү", - деген Байсалов.

Эскерте кетсек, 6-июнда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аквапаркында №95 мектептин 3-классынын окуучусу каза болгон. Окуя боюнча шаардык мэрия комиссия түзүп, аталган мектептин завучу жана 6 мугалими иштен алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости