www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Узакка созулган стресстин кесепети айтылды

Психолог Любовь Крушинских узакка созулган стресс организмге кандай кесепетин тйигизерин түшүндүрдү. Анын пикирин "Известия" жазды.

Адистин айтымында, көпкө созулуп кеткен стресс абалы организмди ар тараптан алсыздандырып, карып кетүү процессин тездетет.

"Стресс, биринчиден, тамак сиңирүү системасын жабыркатат. Көпкө чейин кайгыга батып жүргөн адамдын ашказанында жара жана гастрит пайда болот. Мындан тышкары, кан айлануу системасындагы гипертония, инсульт сыяктуу илдеттерди пайда кылышы мүмкүн", — деди Крушинских.

Психологдун айтымында, стресске кабылган адамдын алдында ар дайым эки жол бар. Биринчиси — кайгы-муңга алдырып, организмдин карып жатканын карап отуруу. Экинчиси — өзүн колго алып алдыга жаңы максаттарды коюу. Адистин пикиринде, адатта катуу депрессиядан же стресстен аман чыгып кеткен адамдар жаңы күчкө, энергияга толуп, айланадагыларга көбүрөөк пайдасы тийип калат. Ошондой эле жаңы жашоо баштоого мүмкүнчүлүктөр пайда болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости