www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмил Токтошев: “Армияда башаламандык өкүм сүрүүдө”

- Эмил Токтакунович, ӨКМдин аскер бөлүгүндө сабалган жоокер боюнча маселе көтөрүп, ал ишти башкы прокуратура көзөмөлдөөгө тийиш дедиңиз. Бул аскер прокуратурасынын түздөн-түз милдети эмеспи?

- Мен бул маселени өткөндө бир аскер бөлүгүндөгү сынак учурунда жаш жоокер аёосуз сабалганынан улам көтөрдүм эле. Азыр да ата-энелер кайрылышты. Себеби, прапорщик тарабынын сабалган бала оор абалда, табарсыгы жарылып кеткен. Мындай көрүнүштөр толтура. Көбү коркуп айтышпайт. Аны жалгыз аскер прокуратурасы көзөмөлдөй албайт.

Ошон үчүн мен “башкы прокуратура көзөмөлгө алсын” деп сунуштадым. Анан эл шайлаган соң биз парламент да сөзсүз көзөмөлгө алышыбыз керек. Атаэнелер балдарын армияга “мекенге кызмат кылсын” деп жөнөтүшөт. Балдар болсо майып болуп келип жатышат. Бул эмне деген жапайычылык?! Ушундан кийин кайсы ата-эне баласын аскерге жөнөтөт?

- Бул жерде дедовщинадан, уставдык эмес мамиледен башка коррупциянын элементтери да бар окшойт...

- Сабалган баланын ата-энеси сегиз айда 35 миң сомдук бирдик салып беришиптир. Бул жерде баары чогуу: дедовщина дагы, коррупция дагы. Кыскасы, армиялык тарбия жок. Башаламандык өкүм сүрүүдө. Муну көзөмөлгө албасак болбойт.

Бир эле жолу эмес, такай көзөмөлдөп, күнөөлүүлөр катуу жазаланууга тийиш. Биз керек болсо комиссия түзүп, мунун аягына чыгабыз

Булак: Азия News гезити

Последние новости