www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КРнын мурдагы вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Беткен облусунун губернатору болуп турганда Кыргызстанга тиешелүү жерди Тажикстанга мыйзамсыз өткөрүп жибергени тууралуу видеорепортаж интернет булактарына чыкты. Анда айылдын тургундары Жеңиш Разаковду «шпион» деп, элди алдаган деп нааразы болушкан.
--“Баткен эли баатыр эл, кылымдарды карыткан, бир карыш жер бербейт эле, Жеңиш Разаковго окшогон шылуундар элди куураткан. Алсак, Разаков Баткен облусуна губернатор болуп турганда, Көк-Таш айылынын төмөнкү участогу Тажикстан тарапка белгисиз, табышмактуу жагдайлар менен өтүп кеткен.
Мындан сырткары “Ак-Чечек” участогунун 26 миң гектар жери дагы коңшу өлкөгө өткөнү белгилүү болду. Ал эми аймактагы жашоочулар дагы Тажикстанга “жерлерибиз өтүп кетеби же ушуну менен токтойбу? -деген күмөн ойлор түйшөлтөт. Атайын чыгармачыл топ айылдагы жашоочулардун пикирин угуп, айтылган эл арасындагы имиштерди тактоо иретинде изилдеп көргөн.
Буга чейин 2020-жылдын 8-май күнү кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, ал айылдагы бир үй толук өрттөнүп кеткен. УКМКнын төрагасы ошол учурда барып, Камчыбек Ташиев жарандык милдетин аткарып өрттөнүп кеткен үйдү бүтүрүп берген. Тилекке каршы үйдүн тосмосунун арты Тажикстанга карайт. Бул жерде буга чейин кыргыздар жашап келген. Тилекке каршы Жеңиш Разаков губернатор болуп турганда айыл тургундарын алдап көчүрүп, Тажикстанга жерди сатып жибергенин айтышат. Учурда карапайым эл ата-бабаларынан калган жерди бөтөн элге берип салган Жеңиш Разаковго нааразы. Эл арасында аны “алдамчы”, “шпион” тактап айтканда «тыңчы» катары эсептешет”- дейт кабарчы.
“NazarNews.kg” маалымат агенттиги мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бул тууралуу өз оюн билдиргиси келсе, редакциябыз анын да угууга даяр.
Булак: NazarNews.kg