www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевич бийликке келгенден бери бир күн тынч койбой асылып жатасыңар, өлкөбүз өнүксүн, чек аралар чечилсин десеңер сындабай, жок дегенде эки жыл колдоп тургула. Мындай пикирин Ата-Журтум Кыргызстан саясий партиясынын төрагасы Шүкүрбек Эркебаев билдирди.

Тажик заставаларын быт-чытын чыгарышты. Ошол күнү тажик тарап тынчтык келишим түзүүгө чакырышты. Октор атылып жатса да Камчыбек Кыдыршаевич баштаган топ нейтралдуу аймакка барып, ок атууну токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол коюп келди. Бирок, Тажикстан тарап келишимди бузуп, ок атууну улантып жатты.

Биздин чек арачылар, аскерибиз тажиктер тереңдеп биздин аймака кирип кетпесин деп тосуп турушту. Эртеси күнү Тажикстандын УКМК төрагасы С.Ятимов жетектеген жоон топ делегациясы Баткенге келишти. 7-8 саатка созулган сүйлөшүүдөн кийин Баткен жергесине тынчтык толук орноду. Ошол эле мезгилде чек араны делимитация, деморкация боюнча да келишимдер болуп, чек аранын 112 км жери чечилди. Талаш деген көп жерлерди тажик тарап кыргыздын жери деп таанып, кол коюлду.

Андан сырткары Төрт-Күл суу сактагычынын тосмосун, дамбасын толук Кыргызстан сактап калды.

Ошентип, жеңиш ураандары кыйкырылды.

Андан ары Камчыбек Кыдыршаевич Кулунду, Жаштык, Арка 2, Максат айылдарына барып, үмүт менен күтүп турган элге жолукту, кырдаалдан кантип чыгуу боюнча түшүндүрдү.

Ошол эле учурда тажиктерди колдогонсуп Бишкекте ак үйгө кол салышты. Өлкөбүздө оор кырдаал болуп, бүтүндүгүбүзгө шек жаралып, балдарыбыз шейит кетип жаткан учурда, өз өлкөсүнө кол салгандарды чыккынчылык деп бааласак болот. Жакшы, элин, мекенин сүйгөндөрдүн күчү менен токтотулуптур. Эгер Ак үйдү басып алышканда Камчыбек Кыдыршаевичтин жана баатырларча эрдик кылгандардын эмгектери тепселип, Тажикстан кайрадан кол салмак. Ошону күтүп турушту.

Ушунун баарына согуш оту күйүп турганда жетишкен духу күчтүү Камчыбек Ташиевге, акылман президентибиз Садыр Жапаровго элибиз терең ыраазы болуш керек.

Урматтуу журтум, Баткенде жүргөн төрт күн ичинде бир нерсеге толук түшүндүм.

Биздин Кыргызстанда тажиктерден да ички душмандар коркунучтуу экен. Бийликте жүргөндөрдүн көпчүлүгү акчага баарын сатууга даяр болуп калыптыр. Ошондуктан, Камчыбек Кыдыршаевич эч бирине ишенбей, ооруса да, уйку бетин көрбөй, өзү жоопкерчиликти алып, элге да чыгып, жолугушууга да барып жүрдү.

Мен диван сынчыларына, башка элдин агенттерине айтаарым, Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевич бийликке келгенден бери бир күн тынч койбой асылып жатасыңар, өлкөбүз өнүксүн, чек аралар чечилсин деп чын жүрөктөн кааласаңар, тийишпей, сындабай жок дегенде эки жыл колдоп тургулачы. Буюрса, мен көзүм жетти баары чечилет», - деп кошумчалаган Эркебаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости