www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Тамилнад штатынын тургуну сөөгү жерге берилди деген күндүн эртеси үйүнө келди. Бул тууралуу Kaumudi басылмасына таянып "Известия" жазды.

Билдирмеге караганда, 55 жаштагы Мурти аттуу адам Тируппур шаарына кант камышын тазалоого кеткен. Үй-бүлөсү аны менен бир нече күнгө чейин байланыша албай калган.

"Туугандарынын бири анын денеси автобус аялдамасында табылганын айтып, Муртинин уулу жерине барып атасын тааныган. Полиция анын денесин үй-бүлөсүнө өткөрүп берген. Жакындары кишини акыркы сапарга узатып, сөөгүн жерге берген күндүн эртеси Мурти тирүү бойдон үйүнө келген", — деп жазылат маалыматта.

Эми анын ким экендигин аныктоо үчүн полиция иликтөө иштерин баштаганы кошумчаланат.

Последние новости