www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов соңку күндөрү коомчулукта кызуу талкууланып жаткан жер маселеси боюнча социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, чет элдик инвесторлорго жерди убактылуу пайдаланууга берүү практикасы Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин эмес, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан тарта колдонулуп келет.
Шыкмаматов белгилегендей, 1992-жылы кабыл алынган «Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө» мыйзамда, ал эми 1999-жылдагы Жер кодексинде жерди 50 жылга чейин убактылуу пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Ал ошондой эле 2011–2017-жылдары чет элдик инвесторлорго жалпы аянты 5 683,62 гектарды түзгөн 64 жер тилкеси пайдаланууга берилгенин мисал келтирди. Анын айтымында, мындай келишимдер ар кайсы мезгилдерде Кытай, Казакстан, Россия, Түркия, Австралия, Пакистан жана башка өлкөлөрдүн инвесторлору менен түзүлгөн.
Салык кызматынын төрагасы учурда талкууланып жаткан өзгөртүүнүн негизги өзгөчөлүгү жерди дароо 50 жылга берүү эмес, 10 жылдан баштап, милдеттенмелер аткарылган учурда 25 жана 50 жылга чейин этап-этабы менен узартуу механизмин киргизүү экенин белгиледи.
Анын айтымында, инвестор өзүнө алган милдеттенмелерди, анын ичинде өндүрүштү ишке киргизүү, инвестиция тартуу, жумуш орундарын түзүү жана салыктарды төлөө боюнча талаптарды аткарганда гана келишимдин мөөнөтү узартылышы мүмкүн.
Шыкмаматов белгилегендей, инвестор милдеттенмелерин аткарбаса, келишим жокко чыгарылып, жер мамлекетке кайтарылат. Ал жерлер сатылбай турганын жана бардык долбоорлор мамлекеттин көзөмөлүндө ишке ашырыларын кошумчалады.