www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн аптада уранды казууга каршы уюштурулган митингде айрым саясатчыларга микрофон бербей, аларды элдин арасынан сүрүп чыккан балдар болгон. Ошол жигиттерди айрымдар сөз бербей койгону үчүн чыгымчы аташкан эле. Ошол чагымчы деген адам Агзам Данияров видеобилдирүү жасады. Анын кайрылуусунда, ал эч кандай провакатор эместигин айтып, дарыгер болуп иштээрин жана уран темасын саясатташтырбоого чакырган эле. Көп өтпөй эле бул тууралуу ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирүү жасады: “Агзам, иним, мен уран боюнча да өзүң менен тилектешмин. Уранды казууну токтотуунун бир жолу, мыйзам кабыл алуу, башка жол жок. Митингдин да негизги урааны, тез арада мыйзам кабыл алуу болчу. Ошондуктан уран казууну токтотуу боюнча мыйзам долбоорунун авторлорунун бири катары пикиримди билдирейин эле дегем. Сенин патриоттук сезимине таазим этем! Сени провокатор болушу мүмкүн деген божомолум үчүн сенден расмий түрдө кечирим сурайм!! Аман бол, бар бол!”,- деп жазган Шыкмаматов.
Эске сала кетсек, 26-апрелде Ак үйдүн алдында жана аянтта “Биз уранды казганга каршыбыз” деген ураан менен эл митингге чыгышкан. Анда митингдин катышуучулары саясатчыларга сөз бербей, микрофонун алып коюшкан.
Булак: «Факты.kg»