www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

81 жаштагы Атабай Сайкалов күнүнө 20 чакырымга чейин велосипед тебет. Адамга кыймыл ар дайым күч кубат берет, кыймылды аз жасап, көп уктаган адам алсыз болот. Ошондуктан мен ар дайым темир тулпарымдан түшпөй, айылдагы мааракелерге, мечитке дал ушул темир тулпарым менен барам дейт.

Жашында алыскы Зардалы, Жылуу-Суу жайлоолорунда мал багып, эсепчилик милдетти аткарып келген карыя күн сайын дене тарбиялык көнүгүүлөрдү да жасайт. Ошондуктан азыркы чиновниктердин бардыгын чоң жол тандабастарды эмес велосопед айдоого чакырат.

Күн сайын жумушка велосопод менен келүү шаар меринен тарта, райондун бардык жетекчилери үчүн пайдалуу. Биринчиден өзүнүн ден соолугу үчүн болсо, экинчиден шаар турмушу менен жакындан тааныш болот эле деп, тамашалайт.

Адылбек Акматов, NazarNews.kg

Баткен облусу

Последние новости