www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шыкмаматовду Атамбаев да, Текебаев да жетелеп жүрүшүп юстиция министри кылышкан. Арийне, Алмамбет мырза ал жерден жулкунуп качып, парламентке депутат болом деп жүрүп, Текебаев соолуп, камалып жатканда, «Ата-Мекен» фракциясын жетектеп далайлардын башын ооруткан. Бирок эмнегедир «боссу» Текебаевдин көңүлүнө жакпай чыр менен фракция жетекчисинен да, парламенттен да кеткен. Анын багына 2020-жылдын октябрында башаламандык болуп кетип, министрлик орунга отурган. Өткөн жылы ал искеп жүрүп, жакшы партиялардын бирине көчүк баскан, быйыл кайсы партия менен шайлоого аттанар экен?
Президент Садыр Жапаров менен инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов жолугушту. Мамлекет башчысы министрликтин ишинин жыйынтыгын жана Кыргызстандын экономикасына чет элдик капиталдык салымдардын агымын көбөйтүү жана инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу алдын ала маалыматты укту.
2021-жылдын биринчи жарымында чет элдик түз инвестициялардын агымы 95,4%га көбөйгөн. Учурда илгерилетүүдө 323,5 млн АКШ доллар суммасындагы 5 долбоор турат. 2021-жылы жалпы суммасы 75 млн АКШ долларлык эки долбоор ишке кирген. Министрлик тарабынан соода-өнөр жай палатасын реформалоо боюнча иш жүрүп, инвестициялар жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип, Кыргыз-өзбек жана Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонддору ишке киргизилип жатканы жана башкалар белгиленди.
Аны менен бирге Алмамбет Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешти шайлоого катышуу каалоосун айтып, буга байланыштуу инвестициялар министри ээлеген кызматынан отставкага кетүү жөнүндө арыз жазуу ниетин билдирди. Президенттин жарлыгы менен Алмамбет Шыкмаматовго «Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси» класстык чини ыйгарылды.
Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg