www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен АКШга келди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.
АКШнын президенти Дональд Трамп жубайы Мелания менен бирге кытай лидерин учактын трапынын жанынан тосуп алды. Бардык даярдыктар аяктагандан кийин алар учуп-конуу тилкесине келишти. Траптын алдына кызыл килем төшөлүп, анын эки тарабына америкалык аскер кызматкерлери жана КЭР делегациясынын мүчөлөрү тизилип турушту. Трамп Си Цзиньпиндин чыгышын күтүп жатып, алар менен бир нече мүнөт баарлашты.
Си Цзиньпин траптан биринчи айым Пэн Лиюань менен кол кармашып түштү. Эки лидер кол алышып учурашып, андан соң учактын жанында бир нече мүнөт сүйлөшүштү. Балдар аларга гүлдестелерди тартуулашты. Салтанат бомбалоочу учактын учуп өтүшү менен аяктады.
Кытай Эл Республикасынын башчысынын сапары 25-сентябрга чейин уланат. Сапардын жүрүшүндө Си Цзиньпин Дональд Трамп менен эки тараптуу мамилелерге, ошондой эле дүйнөдөгү тынчтык жана өнүгүү маселелерине байланышкан эң маанилүү темаларды талкуулайт.