www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
28-июлда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен АКШ президенти Жо Байден Украина кризисин жана Тайван маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Кытайдын борбордук телеканалы билдирди.
«Эки өлкөнүн лидерлери Украина кризиси жана башка маселелер боюнча пикир алмашышты. «Си Цзиньпин бул маселелер боюнча Кытайдын принципиалдуу позициясын дагы бир жолу баса белгиледи», — деп айтылат маалыматта.
Сүйлөшүү учурунда Кытай лидери Тайвандагы кырдаалга чет элдик державалардын кийлигишүүсүн кескин айыптады.
«Биз сепаратизмге жана «Тайвандын көз карандысыздыгына», ошондой эле чет элдик күчтөрдүн кийлигишүүсүнө чечкиндүү түрдө каршыбыз. Элдин эркине каршы чыга албайсың, ким от менен ойносо, ал сөзсүз түрдө өзүн өзү өрттөп жиберет», - деди Си Цзиньпин.
Эки өлкөнүн лидерлеринин сүйлөшүүсү чын ыкластуу жана кылдат болуп, тараптар мамилелерди улантууну макулдашты.
Буга чейин Байден менен Си Цзиньпиндин телефондук сүйлөшүүсү эки сааттан ашык убакытка созулганын кабарлаганбыз.
Жылдыз Абдурашидова, Ташкент
Булак: NazarNews.kg