www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай быйылкы жылдын башынан тартып эл аралык экономикалык оор абалдын таасирлерине жана өлкөдөгү реформа, өнүгүү, туруктуулук багытында татаал маселелерге туш болду. Биз өнүгүүгө илимий мамиле жасоо аркылуу негизги көңүлдү экономиканын өсүш моделин алмаштырууга топтодук. Кыйшаюусуз түрдө илгерилөө жөнүндөгү жалпы директивага ылайык макротартиптештирүү чаралары токтоосуз түрдө күчөтүлүп, туруктуу өнүгүүгө өзгөчө басым жасалды. Учурда экономиканын бир калыпта өнүгүшү, экономикалык түзүлүштүн ийкемделиши, реформанын тереңдеши жана элдин жыргалчылыгын которуу сыяктуу көптөгөн тармактарда оң натыйжаларга жетише алдык.

Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жалпы абалы позитивдүү экенине карабастан, азыркы маалда жана жакынкы келечектин кайсы бир мезгилине чейин ортого чыга турган коркунучтар менен кыйынчылыктарды эсепке алууга тийишпиз. Алардын арасынан дүйнөлүк экономиканын өнүгүү темпинен улам басаңдап жатышы, жалпы суроо-талаптын таңсыгы менен сунуштун салыштырмалуу көптүгүнүн арасындагы карама-каршылыктардын курчушу, өндүрүштүк ишканалардагы өздүк нарктын өсүшү менен инновациялык күч-кубаттын жетишсиздигинин бир убакта орун алышы, экономикалык өнүгүү менен ресурстардын жетишсиздигинин жана экологиялык маселелердин ортосундагы карама-каршылыктардын кайсы бир деңгээлде курчуп жатышы негизги мааниге ээ. Тыйындын эки тарабы болгон сыяктуу, ар кандай маселеге эки тараптан кароо зарыл.  Ички жана эл аралык абалдын артыкчылыктары менен кемчиликтерин бирдей эсепке алуу жана оор күнгө даяр болуу менен бирге эле эң ири натыйжаларга умтулуу керек.

Келерки жылы Кытай Коммунисттик Партиясынын ХVIII съездинде алдыга колган милдеттер ишке ашырыла баштайт. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн иш жүзүндө камсыз кылуу өтө маанилүү. Негизги орунда сапатты жогорулатуу жана экономикалык өсүштүн натыйжалуулугу турат. Алдыга карай бир калыпта илгерилеп, жаңычылдыкты (инновацияны) колдоп-кубаттап, мындан ары карай өнүгүү, реформа менен ачыктыкты кеңейтүү жана күчтүү экономикага бекем негиз түзүү менен бирге коом ичиндеги туруктуулук менен гармонияга жетишүү зарыл.

Биринчиден, белсемдүү өнүгүүнү улантуу үчүн жөндүү, ары иштиктүү каржылоо менен акча жүгүртүү чараларын колдонуп, экономиканын өсүшүнө түрткү бере турган табигый ийкемдүүлүктү жана кыймылдаткыч күчтөрдү бекемдөө керек. Экономикалык өсүш реалдуу, аша чаппаган, сапаттуу, натыйжалуу жана үзгүлтүксүз болууга тийиш.

Экинчиден, бүтүндөй экономиканын негизи катары айыл чарбасынын ролун күчөтүү, кеңири колдоо, агрардык секторду өнүктүрүү ишин жакшыртуу, дыйкандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү менен алардын жыргалчылыгын көтөрүү, тармактын заманбап өнүгүүсүн тездетүү аркылуу өлкөнү дан азыктары жана башка айыл чарба өнүмдөрү менен камсыз кылууга жетишүү зарыл.

Үчүнчүдөн, экономикалык түзүлүштү жаңылоо ишинде мыкты натыйжалар алынышы керек. Ички керектөөлөрдү өстүрүү менен бирге эле тышкы суроо-талаптарды турукташтыруу зарыл. Өнөр-жай түзүлүшүн ургаалдаштырып, кеңири жайылтуу ишин күчөөтүү жана долбоорго ылайык шаардашуу (урбанизация) чараларын колдоо керек.

Төртүнчүдөн, социалисттик рынок экономикасын өркүндөтүү боюнча реформа жүргүзүп, жогорку сапаттагы долбоорлорду түзүү, реформачыл максатка ылайык чараларды кечиктирбей көрүү абзел. Жалпысынан бир калыпта илгерилөө менен жер-жерлердеги кескин бурулуштарды айкалыштырып, оң натыйжаларга жетишүү жолдорун тынымсыз издөө керек.

Бешинчиден, калктын турмуш деңгээлин жогорулатуу зарыл. Айрыкча, аз камсыз болгон катмарлардын күнүмдүк негизги муктаждыктары менен керектөөлөрүн канааттандыруута басым жасалат. Аз камсыз болгон студенттерге жардам берүү ишин жөнгө салып, жумуш менен камсыз болуу деңгээлин көтөрүүгө жана турукташтырууга өзгөчө көңүл бөлүп, шаар менен айыл-кыштактарда социалдык камсыздоо системасын түзүү ишин күчөтүү керек. Элдин арасында ар ким жеке өзү тандап алган иши менен гана байып, бакубат жашоого жетишсе болот деген ишеничти бекемдөө зарыл. Мына ошентип, калктын жашоо тиричилигин оңдоо партия менен өкмөт гана эмес, элдин кеңири катмарлары кошо күрөшө турган маселе болут калат.

Жогорудагы маалымат Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” китебинен алынды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости