www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ливандын бардык аймактарында он саатка электр жарыгы өчүрүлдү. Карызын төлөбөгөндүктөн эки ТЭЦ энергияны берүүнү токтоткон. Бул тууралуу Sky News Arabia жана Veto телеканалдары билдирди.
Бир күн мурун ТЭЦтин оператору карыздар төлөнбөгөндүктөн электр жарыгы өчүп жатканын эскерткен. Карыз 83 миллион долларды түзөт.
Мамлекеттик мекемелер, Бейрут эл аралык аэропорту электр жарыгысыз калды. Ал убактылуу генераторлор менен иштеп жатат. Ливандын аймактарына ичүүчү сууну сордурган станция ишин токтотту. Эки ТЭЦ Ливанды электр энергиясы менен камсыз кылуунун жалгыз булагы болуп саналып, 550 МВт өндүрөт.
Ливан биринчи жолу толугу менен электр жарыгысыз калып отурган жок. Буга чейин 2022-жылы да ушундай эле көрүнүш болгон. Анда Бейрутка жакын жердеги Арамун айылындагы электр станциясынын айланасындагы чырдан улам электр жарыгын берүү токтотулган. Жергиликтүү тургундар электр энергиясын үзгүлтүксүз өчүрүүгө каршы нааразылык акциясынын алкагында станцияга чабуул коюшкан.
Булак: NazarNews.kg