www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай лидери Си Цзиньпин Казакстандагы окуяны «түстүү революцияга» чакырык деп атады.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге жолдогон кайрылуусунда: «Кытай Казакстанда атайылап баш аламандыктарды жана түстүү революцияны» тутанткан тышкы күчтөргө чечкиндүү түрдө каршы турат, деп билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Эске сала кетсек, Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. Алматыда коопсуздук кызматкерлери менен кагылышуу уланууда. Бүткүл өлкө боюнча интернет маал-маалы менен өчүрүлүп турат, ЖМКлар иш жүзүндө иштебейт.
Президент Касым-Жомарт Токаев республикага өзгөчө кырдаал киргизип, өкмөттү отставкага кетирип, Коопсуздук кеңешин жетектеди. Анын өтүнүчү боюнча ЖККУ өлкөлөрү Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөткөн.
Булак: NazarNews.kg