www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14-сентябрда мамлекеттик сапар менен Казакстанга келген Кытай президенти Си Цзиньпин менен Касым-Жомарт Токаев эки өлкөнүн транспорттук-логистикалык жана агро өнөр-жай тармагындагы кызматташтыгын талкуулашты.

Акордо билдиргендей, казак президенти “түбөлүк” өнөктөштүк белгиленген траекторияга чыкканын айтты.

Си Цзиньпин Кытай Казакстан менен болгон мамилеге өтө чоң көңүл бурарын билдирди. Анын айтымында, эл аралык конъюктура өзгөрсө да, Бээжин мындан ары да көз карандысыздыкты, суверендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү коргоодо чечкиндүү түрдө Казакстанды колдойт жана Казакстандын ички иштерине кандайдыр бир күчтөрдүн кийлигишүүсүнө караманча каршы. Кытай лидери кеп кайсы күчтөр жөнүндө болуп жатканын тактаган жок.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өлкө башчылар Казакстан менен Кытайдын дипломатиялык мамилесинин 30 жылдыгына байланыштуу биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Кытай башчысы 2020-жылы коронавирус пандемиясы башталгандан бери чет өлкөгө сапар менен чыга элек болчу.

Эки лидер Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышат. Өзбекстандагы саммиттин алкагында Си Цзинпин Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости