www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин анын өлкөсү чет мамлекеттерде көмүр менен иштеген станцияларды мындан ары курбайт деп билдирди.

Кытай лидери БУУнун Башкы ассамблеясына видео аркылуу жасаган кайрылуусунда климаттын өзгөрүшүн алдын алууга байланыштуу бир топ убада берди.

Кытай дүйнөдө климаттын ысышына алып келген метан сыяктуу газдарды эң көп чыгарган жана көмүрдү эң көп керектеген мамлекет. Мындан улам Бээжин эколог, климатологдордун сынына кабылып келет.

БУУнун климат боюнча атайын өкүлү Жон Керри Кытай президентинин жарыясын кубаттап, ноябрда Глазгодо өтүүчү конференцияны утурлай жакшы жышаан катары сыпаттады.

Кытай өз планын качан ишке ашыра баштаары белгисиз. Бирок өнүгүп келе жаткан 20 өлкөдө 47 электр станциясын куруудан баш тартышы мүмкүн. Бээжин ошол долбоорлордун акыркы ири чет өлкөлүк инвестору болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости