www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Казакстанга боло турган сапарынын өзгөчөлүгү тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы жазды.

«Сапардын уникалдуулугу - Казакстан анын пандемия башталгандан бери бара турчу биринчи өлкөсү. Биз үчүн, Казакстан үчүн бул чоң сыймык. Ал эми иш сапар абдан жакшы жана жогорку деңгээлде өтөт деп ишенебиз», - деди Смадияров.

Анын айтымында, сапардын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуу пландалууда.

Эскерте кетсек, Си Цзиньпин Нур-Султанга 14-сентябрда келет. Казакстан менен Кытайдын лидерлери ар тараптуу казак-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоонун келечегин талкуулашат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости