www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Siemens Орусия базарынан кетип жатканын билдирди

Германиялык Siemens концерни Украинадагы согуштан улам Орусиянын базарынан кетип жатканын жарыялады. Компания тараткан билдирүүдө өндүрүштүк жана операциялык ишмердүүлүгүн токтотуу процедурасы башталганы жазылган.

Буга чейин Siemens Орусия менен Беларустагы бардык жаңы операцияларын токтотуп, бул өлкөлөргө эл аралык жеткирүүлөрдү токтоткон.

"Биз Украинадагы согушту талкуулап, Орусиядагы өнөр жай ишмердүүлүгүбүздү токтотуу чечимин кабыл алдык. 170 жылдан бери калыптанып калган кардарлар менен болгон мамилебизди жана кызматкерлерге кам көрүү тууралуу милдеттенмебизди эске алганда, мындай чечим кабыл алуу биз үчүн жеңил болгон жок", – деп билдирди компаниянын президенти Роланд Буш.

Siemens электроника жана турмуш-тиричилик техникаларынан тышкары Орусияда "Урал локомотиви" менен биргеликте "Ласточка" деп аталган электр поезддерин жана электр менен жүргөн жүк ташуучу техникаларды өндүрүп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости