www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сириянын батышындагы Хомс шаарындагы аскердик колледжге учкучсуз учактын чабуулунан кеминде 80 киши каза болуп, 240 киши жаракат алды. Бул тууралуу Сириянын мамлекеттик Sana агенттиги кабарлаганын өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Хасан аль-Габбаш билдирет.

Улуу Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы каза болгондордун арасында жай тургундар, анын ичинде аялдар жана балдар бар экенин билдирди. Сириянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы алты аял жана алты жаш бала каза болгонун тактады. Reuters агенттигинин булагы билдиргендей, кол салуудан кеминде 100 адам набыт болгон.

Кол салуу аскер кызматкерлери жана алардын жакындары катышкан бүтүрүү аземи учурунда болгон. Reuters агенттиги аземге Сириянын коргоо министри Али Махмуд Аббастын да катышканын жазды. Агенттиктин маалыматына караганда, ал иш-чарадан учкучсуз учактын чабуулунан бир нече мүнөт мурун чыгып кеткен.

Сириянын Коргоо министрлиги кол салууга “белгилүү эл аралык тараптар колдогон террордук топторду” айыптап, чабуулга жооп кайтарууга убада берди. Азырынча болгон окуя үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Колледжге кол салуудан мурун Сириянын өкмөттүк күчтөрү Идлиб провинциясында оппозиция көзөмөлдөгөн аймакка чабуул коюшкан.

Сириянын Тышкы иштер министрлиги БУУ менен уюмдун Коопсуздук кеңешин кол салууга катыштыгы барларды жазага тартууга чакырды. Сирия өкмөтү курман болгондор үчүн үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости