www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-октябрда Беларусь президенти Александр Лукашенко Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолугушту.

Лукашенко белгилегендей, Беларус менен Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөлөрү, ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна да мүчө. Президент бул платформаларда өлкөлөр тыгыз өз ара аракеттенет жана бүгүнкү күндө алардын ортосунда жабык темалар жок деп эсептейт. Беларусь президенти ошондой эле өлкөлөр аймактык кызматташтыкты чыңдоо керектигин баса белгиледи.

Лукашенконун айтымында, Беларусь Кыргызстанды колдоого дайым даяр.

"Сиз экөөбүз бир альянстабыз, аскердик дагы, саясий дагы. Андыктан кандайдыр бир деңгээлде пайдалуу боло алсак, жабык темалар жок. Муну сиз жакшы билесиз. Бизде бардык багыттар боюнча абдан жакшы мамилебиз бар, президенттик кызматтын денгээлинде жана өкмөттүкк денгээлде..Айтыңыз, колубуздан келгендин баарын кылабыз... биз Кыргызстан мурда болуп келгендей, бурчта жана четинде кандайдыр бир мамлекет болуп калбашы учун бардык күчүбүздү жумшайбыз. Кыргыз улуту абдан активдүү, абдан өнүккөн. Мен кыргыздарды жакшы билем. Алар абдан акылдуу эл. Андыктан биз бул багытта жаңы байланыштарыбызды табабыз. Эгер сизди кызыктырса, биз сиздер менен иштешебиз”, - деди. Белоруссиянын президенти.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев расмий иш сапары менен Минск шаарында жүрөт. 5-октябрда президент менен жолугушту. Анда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүү жана парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости