www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 29-март күнү Сирияга кеткен кыргызстандыктардын жакындары президент Садыр Жапаровго, УКМКнын башчысына жана Тышкы иштер министрине кайрылышты.
Алар маалымат жыйын өткөрүшүп, бийликке бир нече жылдан бери кайрылып жүргөндөр кайсы бир топтун азгырыгына алданып, Сириянын согуш талаасына кеткен жакындарын, алардын балдарын алып келүүнү өтүнүштү.
«“Ал Холь” деп аталган лагеринде 500дөн ашуун кыргыз жарандары кармалып жатышат экен. Аларга эч кандай гуманитардык жардам көрсөтүлбөй, айрымдары медициналык жардамга муктаж болуп, жаш балдардын өмүрү кыйылып жатат»,-деди Хамида Якубова.
Сириядагы кыргыз жарандары менен тыгыз иштешкен Фатима Якубова лагерде кармалгандарды алып келүү үчүн бир нече ирээт бийликке кайрылып, оң жооп албаганын айтты. Ал ошондой эле өз жарандарын камактан чыгарып жаткан башка өлкөлөрдөн да жардам сурап кайрылган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сирия менен Ирактан согуш талааларына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулган кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.
Буга чейин Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан Сирия менен Ирактагы жарандарын жана алардын балдарын алып келген. Кыргызстан 2021-жылы 16-мартта Ирактан «Мээрим» деп аталган гуманитардык миссиянын алкагында 79 баланы мекенине ата-энесиз алып келген.
Булак: NazarNews.kg