www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык террористтик уюмдун жактоочусу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 19-июлда УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын жактоочусу 1995-жылы туулган Жалал-Абад шаарынын тургуну М.Д. кармалды.
Кармалган М.Д. 2015-жылы Кыргыз Республикасынан чыгып, Сирия Араб Республикасына эл аралык террористтик уюмдардын тарабында куралдуу кагылышууларга катышууга аракет кылганы аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кармалган жарандын жашаган жеринен жана жеке унаасын тинтүү учурунда 1 даана белгисиз автоматтык курал (АК-74 түрүндө), 30 даана 5,45 мм калибрлүү патрондор, ошондой эле 34 даана диний адабияттар (китеп-брошюралар) табылган.
М.Д. УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, алынган буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Булак: NazarNews.kg