www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бейшембиде Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары өлкөнүн Дамаск жана Алепподогу эң ири аэропортторуна абадан сокку урулганын кабарлашты.
Сириялык басылмалар соккуларды Израилдин аба күчтөрү жасаганын, натыйжада учуу тилкелери бузулганын ырасташууда. Эки аэропорт тең ишин токтотту. Батыш маалымат каражаттары соккулар тууралуу сириялык басылмаларга таянуу менен жазышууда.
Соцтармактарда чабуулдан кийин түтүн каптаган көрүнүштөрдүн видеосу тарап жатат.
Расмий Дамаск соккулар тууралуу кабарларга байланыштуу билдирүү жасай элек. Сирия ХАМАС тобунун Израилге жасаган чабуулун колдогон.
Соңку жылдары Израил Сириянын аймагында иранчыл куралдуу топторго каршы бир нече жолу сокку урган. Агенттиктер бул жолу чабуулдун максаты Ирандан жүк ташыган топтордун логистикалык чынжырларын бузуу болгонун болжолдошууда. Израил алар ХАМАСка каршы операцияны кыйындатат деп кооптонууда. Ошол эле учурда Израил Сирияга кол салуу учурларын расмий түрдө сейрек моюнга алат. Маселен, акыркы билдирүүлөр боюнча да комментарий берген жок.
Булак: NazarNews.kg