www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөдө АИВ-жугуштуу оорусунун таралышы азыркы учурдагы адамзаттын коопсуздугунун негизги коркунучтарынын бири. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДССУ) жана БУУнун бириккен программасынын эсеби боюнча 2002-жылы дүйнө жүзүндө АИВ/ ИЖС 33 млн. адамга жуккан. Бул түзүлгөн жагдай АИВ-жугуштуу оорусу таралышына каршы активдүү чараларды көрүүнү жана ошондой эле анын залалдарын жоготууга багытталган аракеттерди күчөтүүнү талап кылууда. АИВ (Адамдын иммункем вирусу)-жугуштуу оорусу адамдын иммундун жетишсиздигин пайда кылуу вирусу аркылуу жугуучу оору. Козгогучу ретровирус жана ар турдуу клиникалык белгилер менен мүнөздөлөт. Иммундун жетишсиздигинин синдрому (ИЖС)- бул экинчи иммундун жетишпегендиги, мында оппортунистик жугуштуу оорулар, коркунучтуу шишик оорулары, нерв системасындагы угуштуу оорулары кошулуп, оору күчөп ИЖСду пайда кылат- бул оорунун акыркы баскычы, АИВ-жугуштуу оорунун бүтүүчү фазасы. АИВди жугузуунун негизги жолдору:
* Инъекциялдык наркотиктерди пайдалануу,
* Жыныстык катнашуу,
* Трансфузиондук,трансплантациялоо (органдарды,ткандарды)
* Гетеросексуалдык катнаштар,
* Кан аркылуу
* Ийнелерди,шприцтерди чогуу же экинчи ирет колдонгондон,
* Кан куюудан, донорду АИВге текшербей туруп куйганда,
* Жыныстык жол аркылуу Сактанбаган,бейтааныш адам менен болгон байланышта
* Кош бойлуу аялдан балага: боюнда бар мезгилде, торот у чурунда, эмизген маалда.
АИВ организмдеги белгилүү бир суюктуктардын курамында болот: канда,спермада, сүт бездеринде кездешет.
Кайсы учурда жукпайт?
o Аба аркылуу
o Кол алышканда жана кучакташканда,
o үй жаныбаларынан
o Чымын-чиркей, курт-кумурска ж.б чакканда,
o Бассейнге, көлмөлөргө түшкөндө,
o Ашкана идиштерин колдонгондо,
o Коомдук унааларда. Бул жолдордон тышкары АИВ жасалма (артифициалдуу) жол менен жугат. Медициналык жана медициналык эмес манипуляция убагында тери жана былжырлуу кабык чалардын айрылып калганынан, инъекция аркылуу кан жана анын компоненттерин куюу боюнча операцияларга байланыштуу учурда жугат. Клиникалык белгилери. АИВ-инфекциянын озгочолугу-узакка созулган жашыруун мезгилге ээ болгонунда, адамдын АИВ ди жугузуп алгандыгын лабораториялык ыкмалар менен гана аныктоого болот. Адамдын сырткы келбети боюнча анда АИВдин бар же жок экенин аныктоого мүмкүн эмес. АИВ- инфекциясынын белгилери өтө эле ар түрдүү, бирок оорунун өнүгүүсүндө белгилуу мезгилдүүлүк байкалат. Адам адегенде вирусту жугузуп алганын сезбейт, азыркы замандагы лабораториялык изилдөөлөр да вирусту жугузуу фактысын а ныктай албайт. Организмге вирус киргенден баштап антителолордун пайда болушуна чейинки мезгил-«терезе мезгили» өткөндөн кийин, 2-3 жумадан 1 жылга чейин гриппти же сасык тумоону элестеткен абал өнүгөт, башкача айтканда дененин температурасы көтөрүлүп, баш оору, алсырагандык, денеге жаралардын пайда болушу мүмкүн. Бул белгилер тез эле өтүп кетет жана адам өзүн толук оорубагандай сезип калат. АИВ менен жашаган көп адамдар ооруну жугузуп алган так убактысын жана мүмкүн болгон учурларды аныктай алышпайт. Өзүн толук жакшы сезгендигине карабастан, оору билинбестен жана кыйшаюусуз кучөйт, вирус көбөйүп, баардык ички органдарды, мээни, ичегини, өпкөнү ж.б. бузулууга учуратат. Бейтап тамакка табитинин жакшы экендигине карабастан, салмагын жоготот, таптакыр арыктоо башталат, басылбаган ич өтуу, бардык органдарды жана системаларды бузган ар кандай оорулар кошулат, абал начарлап, а нык ИЖС (СПИД) башталат. АИВ-инфекциясын алдын алуу АИВ сырткы чөйрөгө ото чыдамсыз, жогорку температуранын жана зыянсыздандыруучу башка каражаттардын астында тез өлөт. Азыркы убакта медициналык манипуляциялардын копсуздугун камсыздандыруу үчүн баардык зарыл чаралар көрүлгөн-бүт донордук кан АИВге текшерүүдөн өтөт, медициналык аспаптарды пайдалануу жана туура стерилизациялоону козомолдоо иш жүзүнө ашырылып, АИВ менен жашаган бардык кош бойлуу аялдар вирустун балага жугуусун алдын ала турган дарылануудан өтүшөт. Төрөттү алып баруунун белгилүү тактикасы, баланы баланы төрөлгөндөн кийин атайы даарылоо, ошондой эле мындай балдарды эмизбей коюу АИВ дин жугуу коркунучун бир топ төмөндөтөт (1%-30%чейин). Жыныстык жол аркылуу жугузууну алдын алуу учун ЖЖЖИ (жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар) өз убагында аныктоо жана даарылоо маанилүү болуп эсептелет.
Жазгүл УРМАМБЕТОВА,
Булак: NazarNews.kg