www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар парламенттин экинчи чакырылышынын төрагасы Алманбет Матубраимовду 70 жылдык мааракеси менен куттукташты.

Матубраимов депутаттар алдында сүйлөп жатып, бийликти конструктивдүү иштөөгө чакырды.

«Бир жолу парламенттин III чакырылышынын жыйынында мен үч бийлик бутагы бири-биринен көз карандысыз, тандоо форматында иштеши керек деп айткам. Биздин өлкөдө ар бир бөлүм, ар бир тармак өз кызыкчылыгы үчүн иштейт. Мен бардык президенттер менен иштештим. Тогуз жылда Конституция өзгөрдү, сиздерде эң мыкты ыйгарым укуктар бар. Эгерде мамлекет башчысы, аткаруу бийлиги мыйзамдарды, Конституцияны аткарбаса, импичмент жарыялоого укугуңуздар бар. Мурунку чакырылыштарда мындай укук жок болчу. Бирок азыр парламент, аткаруу бийлиги, сот бийлиги бир деңгээлде. Парламентте сүйлөшүң керек, элге таанылышың керек, бирок ошону менен бирге чечим кабыл алышың керек. Бири-бирибизди жек көрсөк, бул тышкы душмандардын гана колуна ойнойт. Мүмкүн болушунча ички карама-каршылыктарды жашыруу керек», - деди парламенттин экс-спикери.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости