www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматынын СИЗОсунда милициянын генерал-майору Жайлаубек Халык улунун жансыз денеси табылганын Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш-аткаруу системасы боюнча комитети билдирди.

«Тергөө менен камакка алынган Ж.Халыкулы эртең менен саат 7лер чамасында кароолчу тарабынан табылган. Мекеменин дежурный сменасы дароо биринчи жардам көрсөттү. Көрүлгөн чараларга карабастан соттолуучуну сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Окуя болгон жерге келген тез жардам бригадасы механикалык асфиксиядан каза болгонун аныкташкан», - деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу, прокуратуранын өкүлдөрү жана облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги барган. Маалым болгондой, текшерүүдө маркумга карата мыйзамсыз аракеттердин фактылары аныкталган эмес.

Ички аудит жүргүзүлүүдө.

Жайлаубек Халыкулы учурунда Алматы, Акмола облыстарынын ИИБсын башкарган. Май айында ал коррупцияга шектелип Коррупцияга каршы кызмат тарабынан кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости